Камдап алгыла.12-октябрда суу токтой турган Бишкектин аймактары

11 октября 2021 Камдап алгыла.12-октябрда суу токтой турган Бишкектин аймактары

Бишкек мэриясы "Бишкек суу канал" башкармалыгынын өндүрүштүк-эксплуатациялык иштеринен улам элге келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.

Эртең, 12-октябрда, борбор калаанын бир нече аймактарында саат 9:00дөн 21:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

"Гагарин", "Түштүк-батыш" суу кампаларында жана шаардагы суу түтүктөрүнүн тармагында оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштер жүрөт", — деп айтылган маалыматта.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Жунусалиев, Чайковский, Айни, Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында, Жер иштетүү институтунда, Ак-Өргөө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнөн тарта түндүк тарапты көздөй кеткен жагы), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн жагы) конуштарында.

Бишкек мэриясы "Бишкек суу канал" башкармалыгынын өндүрүштүк-эксплуатациялык иштеринен улам элге келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну эскерткен.

sputnik