Ысык-Атадагы абактан качкан шектүү кармалды. Жайбаракат чыгып кеткен видеосу

11 октября 2021 Ысык-Атадагы абактан качкан шектүү кармалды. Жайбаракат чыгып кеткен видеосу

Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качкан 26 жаштагы Тилек Акматов кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул кызматы кабарлады.

Эске салсак, кармалган адам 10-октябрь күнү эртең мененки саат 07:09дар чамасында качкан. Ал Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирди деген шек менен 8-октябрда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция бул ишти Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Шектүүнүн качкан учуру "Короче" Telegram каналына жүктөлдү. Анда ал мекеменин алдын тосуп турган темир тордун ортосунан оңой эле өтүп, сыртка чыгып кеткен. Шашылбастан жайбаракат басып баратканын да көрүүгө болот.

ВИДЕО

Качкан кишини кармоого Чүй ОИИБдин толук түзүмү тартылып, блокпосттор коюлган.

Кайгуул милициясы шектүү кармалган учурда тиричилик техникасы салынган унааны башкарып баратканын билдирди. Машинаны убактылуу кармоочу жайдан айдай качканы белгилүү болду. Учурда шектүү Свердлов ИИБге алып келинди.


sputnik