Адамдын өмүрүн узартуучу чайдын түрлөрү аныкталды

11 октября 2021 Адамдын өмүрүн узартуучу чайдын түрлөрү аныкталды

Окумуштуулар итмурун, ромашка жана көк чай эң пайдалуу чай түрлөрү деген жыйынтыкка келишти. Мындай суусундуктарды тамак рационуна киргизүү адамдын организмине оң таасирин тийгизет, анын ичинде өмүрдүн узактыгын жогорулатат жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтат.

Ройбуш антиоксиданттарга бай. Ал адамдын ден соолугуна пайдалуу таасирин тийгизип, жүрөктүн нормалдуу иштешине өбөлгө түзөт. Онкологиянын, кант диабетинин алдын алат, сезгенүү менен күрөшөт, сөөктөрдү бекемдейт жана картаюу процессин жайлатат.

Суусундук организмди эркин радикалдардын зыянынан коргогон эзгөчө полифенолдордун, анын ичинде аспалатиндин булагы болуп саналат.

Антиоксиданттык жана антибактериалдык касиетке ээ ромашка чайы адамды тынчтандырат, бошотот, жашоо узактыгын жогорулатууга таасир этет.

Күнүмдүк керектөөгө көк чай кошуу жүрөк-кан тамыр системасын нормалдаштырат, жашоо узактыгынын өсүшүнө алып келет. Өзгөчө, көк чай жалпы холестериндин деңгээлин азайтууга, кан басымындын төмөндөшүнө алып келет. Ошондой эле, бул суусундук организмдин иммундук системасын да калыбына келтирип, ооруга каршы туруу жөндөмүн арттырат.