Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар

8 октября 2021 Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар

Бүгүн белгилүү актер, КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов 66 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын кинодо жараткан кызыктуу образдарын сүрөттөр менен сунуштайт.

Актер жана режиссер Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда төрөлүп, балалыгы Фрунзе шаарында өткөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде түрдүү иш-чараларга жигердүү катышып, 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган. Өспүрүм Сабира Күмүшалиеванын небересинин, Орозбек Кутманалиев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын уулунун ролун аткарган. Кийин актердук боюнча Алматы шаарында билим алып, кыргыз мамлекеттик драма театрына кирет. Куттуу жайда Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев өңдүү залкарлар менен бирге сахнага чыгып, андан соң "Тунгуч" театрында иштеп, кинофильмдерге да тартылып турган.

Чыгармачыл инсан "Бөрү зындан", "Куугунтук", "Талаада атылган ок" сыяктуу кинокартиналарда тартылып, бара-бара режиссер катары өз алдынча "Аян", "Чиркин өмүр, "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой" жана "Тор" фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.

Өмүрүн киного арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуса болот.


sputnik