Он жыл мурдараак залда өзү машыгып, такыр башка иш менен жүргөн Нурбек Изабековдун оюна кыздарды беттештерге даярдайм деген ой келген эмес. Азыр балбандары дүйнө чемпионатын багындырып, Олимпиададан байге менен кайтууда.
Изабековдун ысымы азыр кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхын жазгандардын катарын толуктады. Ал — Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу жана курама команданын башкы тренери. Анын жетектөөсү менен Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Норвегияда дүйнө чемпиону болсо, Айпери Медет кызы коло байгеге татыды.
Коомчулук балбандарга ыраазычылык билдирип, машыктыруучуга алкыш айтууда. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Нурбек Изабеков тууралуу фактыларды даярдады.
Таластан чыккан
Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында туулган. Былтыр 50 жылдыгын иш үстүндө, тагыраагы, Ысык-Көлдө шакирттери менен окуу-машыгууда жүргөндө белгилеген. Бейкапар отурган машыктыруучусун Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздар куттуктаган.
Кесиби экономист
Изабеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика адистигинде окуган. 1989-1991 жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Убагында чоң спортто жүргөн
Нурбек Изабеков Бишкектеги Крупская атындагы спорт мектебинде окуп, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевдин колунда машыккан. Өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпионатында бир нече ирет коло медаль алган, Советтер Союзундагы спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын тагынган. 1989-жылы Ташкенттеги, 1995-жылы Филиппиндеги Азия чемпионатында күмүш медаль уткан.
Нурбек Изабеков убагында чоң спортто жүргөн. 1989-жылы Ташкенттеги, 1995-жылы Филиппиндеги Азия чемпионатында күмүш медаль уткан.
Турмуштун айынан күрөштөн кеткен
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон убакта эл катары экономикалык, социалдык жактан кыйынчылыктар болгон.
"Бул спортко дагы таасирин тийгизди. Бийиктиктерди багынтсам деген көксөөмө жетпей калдым. Ичимде эмнегедир ушул нерсе калып калды", — деген ал.
Изабеков андан кийин эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу болуп эмгектенип, бирок жашоо шартка байланыштуу өз арызы менен иштен кеткен. 2009-2010-жылдары өнөр жай тармагында эмгектенип жүргөн.
Айсулууга кезиккени — чоң бурулуш
Бул жолугушуу тууралуу Нурбек Изабеков Sputnik агенттигине интервью курганда кенен айтып берген эле. Айсулуу Тыныбекова 2009-жылы Кочкор районунун Теңдик айылынан 10-классты бүтүрүп, акыркы классты окубай эле шаардагы эжесиникине спортчу болом деп келет. Эжеси аны Улуттук университеттин дене тарбия кафедрасынын машыктыруучусу Түгөлбай Базакечовго тапшырат. Анан өзү окуган Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин дене тарбия кафедрасында тарбияланып калат.
Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы 2009-жылдан бери машыктырып келет.
Нурбек Изабеков да чоң спортто жүргөндөн кийин убактысына карап техникалык университетке машыгууга барып турган. Айсулууну ошол жактан биринчи жолу көрөт.
"Эки чачы өрүлгөн, арык чырай, балбандарга окшобогон кыз экен. Жеңил атлетикага ыңгайлуураак болчу. Бирок колу-буту узун, атлетикалык дене мүчөгө ээ экен. Айсулуу өзү келип "агай, мага ыкма үйрөтүңүзчү" десе карап калыпмын. Ал кезде кыздарды машыктырам же үйрөтөм деген ниетим дагы жок болчу. Жаш кыздын шагы сынбасын деп бир ыкма үйрөтүп койдум", — деген машыктыруучу.
Нурбек агай жумасына эки жолу университетке барат, кайрадан эле баягы кыз "ыкма үйрөтүңүзчү" деп келе берет.
"Бул кыз эмне эле мага келип жатат деп таң калдым. Аябай эле жабышып алды. Себебин кийин билип жатпаймынбы. Университетте чарба бөлүмүнүн кызматкери Сабыр деген киши Айсулууга "күрөшкүң келсе тигил жакта жүргөн агайдын (Изабеков — ред.) бутун кучактайсыңбы, билбейм, ошо кишиге жабыша берсең эле ал мүмкүн сенден бир нерсе чыгарар, бирок машыктырбай дагы коюшу ыктымал, ал өзүңдөн" дептир. Отургузуп алып каяктан келгенин, эмне болгон кыз экенин сурадым. Ою эмнеде экенин билейин дедим, ар кандай ойлор кетет да. 17 жашта экен", — деп эскерет машыктыруучу.
Изабековдун "эгер мага Айсулуу жолугуп калбаганда, аялдар күрөшүнө машыктыруучу болот белем, билбейм" деп айтканы бар.
Кыздардын болочок машыктыруучусу Айсулуу тууралуу маалымат топтойт. Анын орус класста билим алып, жакшы окуганын, үйүндө жана спортто эмгекчил экенин жана келечекке максаты бийик экенин билет.
"Эгер мага Айсулуу жолугуп калбаса, аялдар күрөшүндө машыктыруучу болот белем, билбейм. Айсулууну көрүп келечекте чоң ийгилик жарата аларына көзүм жетти, ишендим. Бирок ага башында спорттун жолу оор экендигин түшүндүрсөм, "агай, мен чыдайм, ушул нерселерди эңсеп келгем, окубайм дагы" деди", — деп ошол убакты эстеген машыктыруучу.
Айсулуу бир жылдан кийин Таиландда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло медаль алган, ал кезде ыкмаларды деле билбей эптеп-септеп күрөшкөн жаш кыздын бул жеңиши Изабековго ишеним берген. Ошондон кийин федерацияга кайтып, кайрадан машыктыруучу катары иштей баштаган.
Аялдар күрөшүнүн тарыхын жазган Нурбек Изабеков шакирттери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы менен.
Кыздар менен иштешүүнүн сыры
Нурбек Изабековго кыздар менен иштешүүнүн оор-кыйыны тууралуу суроолорду көп беришет. Машыктыруучу спорт катаал экенине карабай кыздарга катуу айтпаш керектигин белгилеген.
"Негизинен кыздардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн эске алуу керек. Эч качан кол көтөргөнгө, жаман сөз айтканга, сөккөнгө болбойт. Намысына тийген сөздөр кээде айтылууга тийиш. Аялзаты укканды жакшы көрөт, кооз айтсаң дагы ишенет. Кыздарды мактап турсаң кубанып, шерденип ийгиликтерди жарата алат. Ошол нерсени пайдаланабыз", — деген Изабеков.
Ал машыктыруучу катары он жылда жакшы өскөнүн айткан.
Мыкты 10 балбан даярдагысы келет
Изабеков ЖМКлардын бирине берген маегинде 10 салмактагы 10 жакшы кызды даярдоону максат кылып жатканын айткан. Күрөштө негизи 10 салмактык бөлүк бар экени маалым.
"10 салмакта 10 спортчу болушу керек. Дүйнө кубогуна же башка мелдештерге катышканда 10 салмактан тең упай топтолуп, ошонун негизинде командалык түрдө кайсы орунду кайсы мамлекет ээлегени аныкталат", — деген машыктыруучу.
Эске салсак, Айсулуу 62 килограмм, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күрөшөт.
Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго Олимпиададан кийин II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берген.
Кыйкыргандан үнү көп бүтөт
Адатта чет мамлекеттеги чемпионаттардан кийин жергиликтүү журналисттер Нурбек Изабековдон онлайн-интервью алышат. Анда ал жөтөлүп, тамагы кычышканын көп байкоого болот. Муну ал кармаштарда спортчуларга жан тартып, үнүнүн жетишинче ыкмаларды айтып бергени менен түшүндүрөт. Мелдешке төрт спортчу барса, ар бири төрттөн кармаш өткөрсө, Изабековдун канча энергия короторун элестетип жатсаңыз керек.
Мамлекет көрсөткөн колдоо
Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго Олимпиададан кийин II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берген. Ошондой эле "Дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер" жана "Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамына ээ.
Машыктыруучунун үч кызы, эки эркек баласы бар.
Беш баланын атасы
Нурбек Изабековдун балдары чоң спортко аралашкан эмес. Үч кыз, эки эркек баласы бар. Улуусу 22де, кичүүсү үч жашта. Машыктыруучу жубайына абдан ыраазы, үй-бүлөнүн түйшүгү толугу менен анын мойнунда.