Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады

8 октября 2021 Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады

Өлкө башчысы Мээримдин дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эң жогорку чеберчиликти көрсөткөнүн өзгөчө белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде 68 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчы Facebook баракчасына жазды.

Өлкө башчысы Мээримдин дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эң жогорку чеберчиликти көрсөткөнүн өзгөчө белгилеген.

"Мээрим — биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!" — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, экинчи ирет чемпион болгон. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов жана Айпери Медет кызы коло медаль утушкан.

Бүгүн дүйнө чемпионатынын алтынчы күндөгү мелдештери өтүп, анда грек-рим күрөшүнүн балбандары ат салышат. Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алган медалдардын саны боюнча жарышта учурда 5-орунда келе жатат.

sputnik