УКМК Кара-Суудагы "Кадастр" ишканасынын мурдагы жетекчисин кармады

8 октября 2021 УКМК Кара-Суудагы "Кадастр" ишканасынын мурдагы жетекчисин кармады

Ш.С. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча шектелүүдө.

Оштун Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасында 2015-2018-жылдар аралыгында башчы болуп иштеген Ш.С. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча шектелүүдө. Бул иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан.

"Ш.С. бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар деп шектелүүдө. Колго түшүрүлгөн адамга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин аталган факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн Н.Х. аттуу башчысы жана анын М.С. аттуу шериги кармалган. Ошондой эле Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. да колго түшүрүлгөн. Алар 30-сентябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

sputnik