Атаандаштары кезектешип сүрөткө түшүп. Жуманазарованы сыйлоо аземинен видео

8 октября 2021 Атаандаштары кезектешип сүрөткө түшүп. Жуманазарованы сыйлоо аземинен видео

Мээримдин жеңишинен кийин дүйнө коомчулугунун назарында Кыргызстандын желеги өйдө көтөрүлүп, гимни жаңырды.

ВИДЕО

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал эгемен тарыхта Айсулуу Тыныбековадан кийин эле алтын алган балбан аталып калды.

Алдыңкы үч орундун ээлерин сыйлоо аземинде Мээрим мойнуна алтын, белине кур тагынды. Андан соң дүйнө коомчулугунун назарында Кыргызстандын желеги өйдө көтөрүлүп, гимни жаңырды.

Аягында үчүнчү орунду алган америкалык балбан телефонун алып чыгып сүрөткө түшөйүн деген. Бирок ага ыңгайсыз болгондуктан телефонун Мээримге берип, ал тартып берди. Андан соң финалда кез келген япониялык атаандашы телефонун сунуп, ал дагы сүрөткө түштү.

Мээрим Жуманазарова алтын үчүн япониялык Рин Мьядзи менен кармашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө эле балбан атаандашын бир колу менен буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал кореялык Минджи Ханды, канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну, россиялык Ханум Велиеваны утуп финалга чыккан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Буга чейин кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова да алтын, Айпери Медет кызы коло уткан. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байге алды.

Чемпионат бүгүн грек-рим күрөшү боюнча беттештер менен уланат.

sputnik