Дарыгер арыктайм дегендердин негизги катасын атады

8 октября 2021 Дарыгер арыктайм дегендердин негизги катасын атады

Эндокринолог эртең мененки боткого быштак, жумуртка, тооктун эти сыяктуу белоктуу тамактарды аралаштыруу керек экенин билдирди.

Тамак-ашта белоктун жоктугу салмак таштоого тоскоол болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, эндокринолог Зухра Павловага таянуу менен РИА Новости жазды.

Адис эртең менен боткону сууга бышырып, ак майга аралаштырып жеген бейтабын мисал келтирген. Спорттук көнүгүү жана дары-дармек менен салмак таштаса да аялдын майы көбөйүп, булчуң эти кичирейген. Дарыгер бул белоктун жоктугунан болгонун айтат.

"Жумуртка жакпаса быштак, аны да жей албасаңар кайнатылган тоок этин жегиле. Ботконун өзүн эле колдонбош керек", — деген адис.

Ал ошондой эле ботконун өзү арыктатпай турганын айтып, анын ордуна жашылча-жемишти пайдаланууга кеңеш берген.

Мындан сырткары, дарыгер азык-түлүктүн энергиялык баалуулугуна көңүл бурууга жана бир гана спорттук көнүгүүнүн жардамы менен арыктайм дегенден алыс болууга чакырган.

sputnik