Мээрим Жуманазарова өлкө тарыхында Айсулуу Тыныбековадан кийин чоңдор арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алган экинчи кыз болуп калды.
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык спортчунун финалдык кармашынын видеосун толугу менен чыгарды.
Беттеш 7-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өттү. Мээрим япониялык Рин Мьядзини алгачкы мүнөттөрдө эле далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар 68 килограмм салмакта кармашты.
Эске салсак, Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.