Буларды күндө жасаңыз! Натыйжа бир аптада!

8 октября 2021 Буларды күндө жасаңыз! Натыйжа бир аптада!

Эч кандай акча да, убакыт да кетпейти. Бирок жашооңузду аз убакытта жакшыртат. Сиз күндө кайсы ишти кайталап жатасыз? Үй жыйноо, идиш жуу, тамак бышыруу үй-бүлөңүз үчүн. Өзүңүз үчүн эмне кыласыз? Эмне кылышым керек деген суроо беришиңиз мүмкүн. Кээ бир адамдар башкалар эмне кылышты билгени менен өзүнө кандай жакшылык жасоо керек экенин билишпейт. Ал эми психологдор күндө төмөнкүдөй ишти кайталап, күн тартибине киргизүү керек дейт. Ошондо сарпталган күч-кубат бат калыбына келет. Жашоого кызыгуу жоголбойт деп айтышат.

1. Өзүн-өзү мактоо

Үйдө мактагандар, алкыш айткандар аз. Айрыкча түгөнбөгөн түйшүгү менен күн бою тынбаган аялдын эмгеги баалана бербейт. Жада калса “Үйдө олтурасың го, эмнеге чарчайсың?” дегендер бар. Колдогон адам жокпу? Капа болбоңуз, өзүңүз барсыз да. Ар бир жумушту бүтүргүн сайын “Менин колдорум гүл”, “Мен мыктымын”, “Мен азаматмын” деп өзүңүздү өзүңүз мактаңыз.

2. Өзүңүзгө комплимент айтуу

Өзүңүздөн комплимент аябаңыз. Комплимент, жылуу сөз акча эмес түгөнүп кала тургандай, айта бериңиз. Чач кестирсеңиз да, көйнөгүңдү алмаштырсаңыз да күзгүгө карап “Мынча сулуумун”, “Сулуу болуп кетипмин го”, “Күндөн-күнгө сулуу болуп баратам”, “Мен өзүмдү жакшы көрөм” деген сөздөрдү адатка айландырыңыз.

4. Тамактанганда...

Тамактанып жатканда көйгөйлөрүңүздү айтып, балдарыңызды урушуунун кереги жок. Эгер мындай адатыңыз болсо таштаңыз. “Туура тамактан, ооруп каласың”, “Тамагыңды же, курсагың ачат”, “Тамагыңы жеп бүтпөсөң, турбайсың” деп айта берип, үйдөгүлөрдү тажатасызбы? Бирок, башкага да, өзүңүзгө жа тынчтык менен тамактанып, эки-үч саат убакыт жумшап бышырылган тамактын даамынан ырахат алууга ашыга бербейсиз.  Ушул жаман адатты токтотуңуз. Тамактанууга көп болсо 20-30 мүнөт убакыт бөлөсүз. Ушул учурда жаман эч нерсе ойлобогонго аракет кылыңыз. Маселелерди, кайгы-капаны, телефонду да четке түртө туруңуз.