Диетолог спорт менен алектенбей, канттан баш тартпай эле арыктоонун сырын айтты

8 октября 2021 Диетолог спорт менен алектенбей, канттан баш тартпай эле арыктоонун сырын айтты

Индиялык диетолог спорт менен алектенбей жана канттан баш тартпай туруп, 40 килограммга арыктаган. Ал өзүнүн сыры менен бөлүштү.

38 жаштагы Кхьяти Рубани бала кезинен ашыкча салмак менен жүргөнүн айтат. Бой жеткенден кийин ал диетолог болуу чечимин кабыл алган. Ошентип 21 жашында Мумбай ооруканансынын башкы жетекчиси болот. Турмушка чыккандан кийин бир жылда 14 кило кошуп, салмагы 70 килого жеткен.

Ошентип, диета аркылуу арыктоону чечет. Үч айда ал 12 килого арыктайт. Натыйжада аял аман-эсен төрөп, жашоо салтын жана тамактануу рационун өзгөртүүгө бел байлайт. Рупани өзүн көнүгүүлөр менен чарчатпай, сүйүктүү тамактарынан баш тартпоону каалайт.

Эртең мененки тамакка өз өлчөмдө шекер кошулган имбирь чай ичип, хомус крекер жана лимон креми менен нан же майлуу эмес быштык менен помидор жеген. Түшкү тамакка тузсуз жашылча салаты менен жашылча пюре жана бир стакан сүт ичкен. Өзөк жалгоо кезинде кара кофе ичип, кээде помидор жана нокот кошулган улуттук тамагын жеген. Ал эми кечки тамакка бир саат калганда жемиш салатын жеп, кечки меню жашылча кошулган нан же күрүчтүн өзүнөн турат. Уктаар алдында Рупани грек йогуртун же жаңгак жеген. Андан кийин таза абада сейилдөө менен чектелген.

Арыктагысы келгендерге Рупани сууну көп ичүүгө жана жашылчыларды көп колдонуп, сүйүктүү тамактарды менюдан толук алып салбоого кеңеш берди. Ал, ошондой эле, пайдалуу азыктардын тизмесин түзүүнү сунуштайт. Анын айтымында, кадимки азык-түлүктөн даярдала турган рецепттерди тандоо керек.