"Коопсуз шаардын" айып пулдары кайда кетет. Министрлик түшүндүрмө берди

7 октября 2021 "Коопсуз шаардын" айып пулдары кайда кетет. Министрлик түшүндүрмө берди

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева каражат тиешелүү жактарга бирдей бөлүштүрүлө турганын, ошондой эле үнөмдөлгөн акча мамлекеттин башка муктаждыктарын жабарын айтты.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдун каражаты кандай бөлүштүрүлө турганын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Жүздү тааныган камералар. "Коопсуз шаардын" ишке ашышы тууралуу" аттуу брифингге катышты. 

Кененбаеванын айтымында, айып пулдарды бөлүштүрүү схемасы атайын токтомдо аныкталган. Каражат алгач Финансы министрлигинин эсебинде топтолуп, андан кийин тиешелүү тартипте бөлүштүрүлөт.

"Вега" компаниясы ар бир эреже бузуудан 215-216 сомдон алат. Ошондой эле 2,6 миллион сом "Коопсуз шаар" системасын техникалык жактан колдоо үчүн жумшалат. Анда Мониторинг борборунун операторлору маалыматтарды иштеп чыгышат. Калган каражат кандай бөлүштүрүлө турганы 56-токтомдо каралган", — деди Кененбаева.

Чыгымдалчу жактар:

5 пайызы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине резервдик маалымат борборун тейлегени үчүн;

25 пайызы — мэрияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жол инфраструктурасын түзүүгө, белгилерди жана башка нерселерди орноткону үчүн;

5 пайызы — Транспорт жана жолдор министрлигине жол инфраструктурасына шарт түзүү үчүн;

15 пайызы — Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына (ЖККББ) кайгуул унааларына шарт түзүүгө, Мониторинг борборунун иштешине жана операторлорунун айлык акысына.

Кененбаева белгилегендей, каражат бирдей бөлүштүрүлөт, ал эми үнөмдөлгөн акча мамлекеттин башка муктаждыктарына жумшалат. Маселен, пандемия учурунда айып пулдан түшкөн каражатка Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу тез жардам унааларын сатып алышкан.

sputnik