Капшыра кармап айласын кетирди! Айпери Медет кызынын коло байге уткан видео

7 октября 2021 Капшыра кармап айласын кетирди! Айпери Медет кызынын коло байге уткан видео

Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча эң оор салмактагы балбандардын мелдеши жыйынтыкталды.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байге алды. Үчүнчү орун үчүн таймашта ал украиналык Aнастасия Шустованы 10 упай айырмасында таза техникалык артыкчылык менен жеңип алды.

Кыргыздын балбан кызы 4:1 эсебинде алдыда келе жатканына карабай чабуулун улантып, атаандашын буттан алып жерге отургузуп, партерде анын эки бутун кайчылаштыра мыкчып кармап, төрт жолу тоголотуп, эсепти 12:1ге жеткирип салды.

Муну менен Айпери Кыргызстандын капчыгына экинчи коло байгени, жалпы төртүнчү медалды алып келди. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынышкан.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

sputnik