Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

7 октября 2021 Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

Жуманын этегинде көпчүлүк аймактарга жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн. Анткен менен абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.

Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы ыктымал. Анткен менен 15...17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

9-октябрда күндүз жана 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-октябрда күндүз жаан кээ бир аймактарга гана жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

9-10-октябрда Ош менен Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Жалал-Абадда 10-октябрда жаан жаабай турганы айтылды.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Апта аягында Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

sputnik