Үч миңден ашык дин кызматкерлери педофил экени аныкталды

7 октября 2021 Үч миңден ашык дин кызматкерлери педофил экени аныкталды

Комиссия курмандыктардын санын 10 миң адамдан ашык деп жатат. Франциянын католик чиркөөсүнүн үч миңден ашык дин кызматкеринин педофилияга катышы бар экени аныкталды. Бул католик чиркөөсүн изилдеген көз каранды эмес комиссиянын корутундусу.

Комиссия эки жарым жылдан ашык убакыт тергөө жүргүзгөн. Комиссия 1950-жылдан баштап азыркы убакытка чейинки чиркөө, сот жана полиция архивдеринде, ошондой эле күбөлөр менен болгон маегине таянып, изилдөө жүргүзүшкөн. Комиссиянын башчысы Жан-МАРК Сова изилдөөнүн жүрүшүндө чиркөө кызматкерлеринин арасында кеминде 3,2 миңге жакын педофил аныкталганын, ал эми курмандыктардын саны 10 миңге жакын деп айтат.