Шашылып бут кийимге чалынып кулаган эркек өз аялын сотко берди

7 октября 2021 Шашылып бут кийимге чалынып кулаган эркек өз аялын сотко берди

Жубайлар он жылдан бери чогуу жашап келишет. АКШнын жашоочусу аялы тепкичке калтырып кеткен бут кийимге чалынып кулап, анын айынан үч жолу операция жасатууга аргасыз болгон. Бул окуяга ачууланган киши аялын акыры сотко берди.

Соттун документине ылайык, эркек жертөлө шатысынын жогорку жагында аялы калтырып кеткен бут кийимге чалынып кулаган. Мунун айынан ал бир нече сөөгүн сындырып, үч жолу операция жасатып, дарыланууга 80 миң доллардан ашык каражат жумшаган.

Жабырлануучу кулаган учурда аялынын өтүнүчү боюнча чоң коробканы көтөрүп келе жаткандыктан, бут кийимди көрбөй калганын айтат. Аялы өз кезегинде бут кийимин ошол жерге көп калтырарын жана бул тууралуу күйөөсүнө эскертүү керек деп ойлобогонун билдирген.

Ошондой эле, ал күйөөсү бут кийимдин айынан чалынып кулаганына ишенбейт экенин айткан. Ошентсе да, аялы болгон окуяга өзүн күнөөлүү экенин жашырган эмес. Сот бут кийимдин ачык жерде жатканын, эгерде эркек бут жагын караса, аны эч тоскоолдуксуз көрөрүн белгилеп, аялын күнөөсүз деп тапкан. Ошентип, сот кишинин арызын канааттандырган эмес.