Акылбек Жапаров: коррупция оору экен, анын вакцинасын ойлоп таап жатабыз

6 октября 2021 Акылбек Жапаров: коррупция оору экен, анын вакцинасын ойлоп таап жатабыз

Министр бюджетти калыбына келтирүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү максаты көздөлүп жатканын айтты.

Коррупциянын вакцинасын ойлоп таап жатабыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Ал райондук бюджетти калыбына келтирип, акимдердин укугун кеңейтүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү, бардык айылдарды тегиз өнүктүрүү максатын көздөп жатканын белгиледи.

"Убагында ушул залда Чыңгыз Төрөкулович (Айтматов — ред.) "аким дегендер Далай-лама болуп алыптыр, эч кимди укпайт" деп айткан эле. Биз андайга жол бербейбиз, ага рычагдарды карап жатабыз. Коррупция деген оору экен, бирок анын вакцинасын дагы ойлоп таап жатабыз", — деди Жапаров.

Учурда "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралып жатат.

sputnik