Автоунааларды бак-дарактын алдына токтотпогула! Бишкек мэриясы эскертүү берди

6 октября 2021 Автоунааларды бак-дарактын алдына токтотпогула! Бишкек мэриясы эскертүү берди

Өткөн жылдары борбор калаада бактар кулап, токтоп турган машиналарды талкалаган учурлар катталган. Мэрия мындай окуялар кайталанып калышын эскертти.

Бир нече күн бою Бишкекте жаан-чачын жаай турганына байланыштуу шаардык муниципалитет автоунааларды бактардын түбүнө токтотпоого чакырды.

Мэрия жөө адамдарды дагы сак болууга үндөгөн.

"Жаан-чачын катуу жаап жаткандыгына байланыштуу шаардыктарды жолдо абайлап жүрүүгө чакырабыз. Автоунааларды бактардын ийилип калган оор бутактарынын алдына токтотпоңуздар", — деп айтылат маалыматта.

Бак-дарактардын кулап же бутактардын сынганын көргөндөр болсо мэриянын 1840, 1850 Сall-борборуна чалып, сүрөттөрүн 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтө алышат.

Эске салсак, өткөн жылдары борбор калаада бактар кулап, токтоп турган машиналарды талкалаган учурлар катталган.

sputnik