Мүлкүн, 10 жылдык тажрыйбасын көрсөтсүн. Министрлерге талапты күчөтүү сунушталды

6 октября 2021 Мүлкүн, 10 жылдык тажрыйбасын көрсөтсүн. Министрлерге талапты күчөтүү сунушталды

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер ишкерликтин бардык түрү менен алектене албайт.

Министрлер кабинетинин мүчөлүгүнө дайындалчу талапкерлерге талап күчөтүлөт. Мындай норма "Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбооруна киргизилип, экинчи окууга чыгарылды.

Ага ылайык, саясий жетекчилик кызматка бара жаткан адамдын мамлекеттик кызматтагы 10 жылдык тажрыйбасы, анын ичинде беш жылы жетекчилик орунда болушу керек. Ошондой эле талапкерлиги сунушталып жатканда министрлер кабинетинин төрагасына мал-мүлкүн көрсөтүшү шарт.

"Коомчулукта "мурда жөн эле жүргөн, чоң кызматка келгенден кийин мындай болуп кетти" деген сөздөр айтылып келет. Ошондуктан кызыкчылыктардын кагылышы болбошу үчүн кызматка кирип жатканда болгон байлыгы тууралуу декларациясын тапшырып берүү жобосун киргизип жатабыз. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө "мыйзамда көрсөтүлгөндөн тышкаркы коммерциялык иштер менен алектенбесин" деген норма бар эле. Мында "такыр эле ишкерлик кылууга акысы жок" деп жаздык. Мамлекеттик кызматты тандасын же ишкерликке кетсин", — деди баяндамачы депутат Аалы Карашев.

Ошондой эле ал министрлер кабинетинин мүчөсүн шайлоо маалында административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюу чараларын күчөткөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору июль айында биринчи окууга киргизилип, коомчулуктун сынына кабылган. Сунуш, пикирлерди эске алуу менен концепциясы өзгөртүлүп, бүгүн парламентке экинчи окууга алып келинди.

sputnik