Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео

6 октября 2021 Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео

Бейкапар жүргөн антилопалардын үйүрүн чачырата кууган арстан алардын эң алсызына кол салууга камынып, бирок аз жерден өзү жабыр тартып кала жаздады.

Окуя Түштүк Африкадагы Серенгети жаратылыш паркында болгон.

BBC операторлору окуяны башынан аягына чейин тартып алышкан. Чөбү калың өскөн жерде үйүрү менен кетип бара жаткан гну антилопаларынын арасында музоо оюн салып жүрөт.

Бул учурда жакын келип калган арстандардын бири аларды чачырата кууп, арасынан ажалдуусун кармап калууга аракеттенген. Чочуп кеткен бала антилопа так секире качып, коркунуч жакындай баштаганда, ал тургай мүйүзү менен айбат кылган. Бир учурда каарданган энеси капыстан пайда болуп, өзүн унутуп коюп жаалданган тейде арстанды көздөй атырылган. Жаныбар ушунчалык жини келгендиктен жырткычтын кардын аз жерден жара сүзүп сала таштамак болгону байкалат. Арстан олжо эмес, каарданган антилопадан кара жанын араң ала качып кутулган.

sputnik