Көктөн "согуш талаасына" секирген казакстандык десантчылар. Кызыктуу видео

6 октября 2021 Көктөн "согуш талаасына" секирген казакстандык десантчылар. Кызыктуу видео

Казакстандын Коргонуу министрлиги машыгуу учурунда учактан секирип дароо "согуш" талаасына түшкөн десантчылардын жаңы видеосун жарыялады.

Каспий деңизинин үстүнөн учуп бара жаткан аскердик учактан секирип, жердеги душмандын дал үстүнөн түшүп, кармашка кириш керек. Жакында болуп өткөн ири машыгууда жоокерлерге адегенде эле дал ушундай милдет коюлган.

Министрликтин YouTube каналындагы видеодон десантчылар абдан бийиктен секиргендиктен кычкылтек толтурулган атайын шаймандарды кийгенин көрүүгө болот.

Маалыматта бул нерсе "душманды жок кылууда" аларга тоскоолдук боло албагандыгы жазылган.

Машыгуу кандай болгонун жогорку видеодон көрүүгө болот.

sputnik