Беттештин биринчи бөлүгү Эрназар үчүн ийгиликтүү болуп, бирок экинчи бөлүгүндө бир упайлык айырма менен жеңилүү ызасын тартты.
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында польшалык Магомедмурат Гаджиевге жеңилип калды.
Беттештин биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ыкма жасай алган жок. Бирок Эрназар атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн бир упай алды. Ал эми экинчи бөлүктө пассивдүү болгону үчүн каршылашына бир упай берилди. Андан соң Гаджиев кыргызстандык балбанды тегерек чийинден сүрүп чыгып, дагы бир упай алды. Натыйжада 2:1 эсеби менен Гаджиев утуп кетти.
Бирок ошого карабай Эрназар Акматалиев жаңы тарых жаратты. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан алгачкы балбан болуп калды. Буга чейин өлкөнүн капчыгында коло гана бар болчу.
70 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Эрназар баштапкы этапта Шри-Ланкадан келген балбанды, 1/8 финалда армениялык балбанды, чейрек финалдык кыл чайнашкан кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахини утуп алган эле. Ал эми россиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсеби менен жеңип, финалга чыккан.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.