16 жаштагы кыз наристесин дааратканада төрөп, тумчуктуруп өлтүргөн

6 октября 2021 16 жаштагы кыз наристесин дааратканада төрөп, тумчуктуруп өлтүргөн

Краснодар облусунун Славянск-на-Кубань шаарында 16 жаштагы кыз көчөдөгү дааратканада төрөп, аны тумчуктуруп өлтүрөгөн. Бир нече күндөн кийин кыз өзү катуу кан жоготуп, көз жумган.

Энеси кызынын боюнда бар экенин билсе да, кызды гинекологго каттоого тургузбай, ооруканага кайрылышкан эмес.

16 жаштагы кыз баланы үйдүн жанындагы дааратканада дүйнөгө алып келген. Андан кийин анын бетин жаздыкка каратып жаткырып койгон. Анын айынан наристе тумчугуп өлгөн. Ошентип, жаңы төрөлгөн баланы көчөгө калтырып кеткен. Ал эми кыздан көп өлчөмдө кан кетет.

Басылманын маалыматында, үч күн бою кызынын ооруганына карабай, энеси дарыгерлерди чакырган эмес. Аял качан кызы эсин жоготуп жыгылганда гана тез жардам чакырган. Дарыгерлер келгенде кыздын каза болгонун аныкташкан.

“Өспүрүм кыздын энеси ызы-чуу чыгып кетет деп корккон. Ошол себептен, тез жардам чакыртпай, кан кетүүнү өз алдынча токтотууга аракет кылган”, - дейт басылма.

Укук коргоо кызматкерлери аял кызы төрөгөнгө чейин бойдон түшүрүүчү дары-дармек берген деп болжолдошот. Бала 5-6 айлыгында төрөлгөнүнө карабай дени сак болгон.