“Суусундукка дүүлүктүрүүчү дары кошкон”: күйөөсүнүн досуна алданган аялдын окуясы

6 октября 2021 “Суусундукка дүүлүктүрүүчү дары кошкон”: күйөөсүнүн досуна алданган аялдын окуясы

Ал күйөөсүнүн досу менен кандайча бир төшөккө жатып алганын билбей калган.

Бишкектик аял үйүнө күндө келип жүргөн досуна кандайча алданганын мындайча баяндайт:

“Оюндан от чыгат” деген сөз туура го. Күйөөм балким, мага ишенип, ойлонбой мелдешке чыккандыр, бирок анын досу шумдук айла тапты. Албетте, бул жерде жолдошумдун да күнөөсү бар. Бирок, мен досунун мага көз карашы башкача экенин башынан эле билчүмүн. Той-топурда вальска чакырганда да денемди көзү, колу менен “сыйпалап” калууга аракет кылар эле.

Каалаган максатына жеткенден кийин күйөөмө “Сен ойлогондой эч нерсе болгон жок” деп жашырып койсо болот эле го.

Окуя мындайча болгон. Күйөөм тамеки тарткан адам. Ал эми досу тамекини таштаткысы келип, экөө мелдешиптир. Күйөөмдүн досу “Эгер үч айдын ичинде тамекин таштабасаң, аялың менен бир түндү өткөрөм” дептир. Алгач күйөөм ачууланып, экөө жакалашып кетишет. Бирок, досу “Биринчи аялың көнөт болду бекен? Албетте, эгер ал өзү көнсө гана. Көнбөсө кыйнабайм” дептир. Угушумча, эки жыл мурда күйөөм досу менен элдешкенде, анын аялын “сураган” көрүнөт. Досу “Көнсө каршы эмесмин” деген экен. Көнбөгөн окшойт, анткени досу аялы менен дагы деле бирге го.

Эч бир аял күйөөсү бар болуп туруп, башка эркектин кучагына кирбейт. Мен да өз эрким менен “берилбейт” болчумун.

Күйөөмдүн досу күндүз да, кечинде да күйөөмдү сурап келе берет. Күйөөм үйдө жок болсо да, ашканага кирип “Курсагым ачып кетти. Кандай тамак жасап жатасың?” деп сүйлөшүп олтуруп алат. Баягы адатынча менин жамбашым менен көкүрөгүмдөн көзүн албайт.

Ал дагы бир күнү келгенде күйөөм жумушта болчу. Балдар чон ата, чоң энесиникине кетишкен. Адаттагыдай күйөөмдүн досу келди. Күйөөмдү күтүп олтурду. Ага чай бердим. Ал өзү менен ала келген пепсини берди. Мен газдалган суусундукту шимирип ичтим. Көңүлүм көтөрүлүп, каткырып күлө баштадым. Бир кызыктай абалга түшүп, оюмду да, денемди да башкара албай бара жаттым. Бир нерсени каалап жаткандаймын...

Шумкар артымдан келип кучактап, каршы турууга күчүм жеткен жок. Күнөөлүү ишке баратканымды билем, бирок денемдин каалоосуна каршы турууга алым жеткен жок. Этегимди түрүп, күйөөмдүн досу алеки саатта эле көптөн бери жете албай жүргөн каалоосуна жетти. Күйөөм сырттан киргенде экөөбүз ашканада олтурганбыз. Ошол күнү күйөөм шектенсе да, чындыкты биле алган жок. Былтыр жаңы жылда достор менен олтуруш болду. Күйөөмдүн досу ошол күнү айтып койду.

Олтуруштан баары кетип, кафеде үчөөбүз эле калганбыз. Тиги шүмшүктүн аялы эмгизген баласы болгондуктан, эрте кетип калган. Ошол учурда ал күйөөмө баарын айтып, экөө мушташып кетишти.

Үйгө келгенден кийин досу артыбыздан келди. Ал күйөөмдөн, менден кечирим сурап, бул тууралуу эч кимге айтпай турганын айтып, касам ичти.

Күйөөм экөөбүз урушуп-талашып, бири-бирибизди күнөөлөп, көп убакыт өткөрдүк. Мен таштанды салган челектен таап алган виагранын кагазын сактап койгон элем. Аны күйөөмө көрсөтүп, беш мүнөттөй өзүмдү жоготконумду, менин алсыз абалымды пайдаланган тиги шүмшүктү күнөөлөп актандым. Ыйладым, кечирим сурадым. Муну күйөөм түшүнө тургандай эмес.

Күйөөм кечирбей жүрөт. Жаздан бери экөөбүз эки бөлөк жашап жатабыз. Дем алыш күндөрү ал балдарды ата-энесинин үйүнө алып кетет. Бирок, үйгө кирбейт, мени менен сүйлөшпөйт. Досу менен да сүйлөшпөй калган.

Мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз. Бирок, мен кечирет болуш керек деп күтүп жүрөм.