Дагы 10:0! Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

5 октября 2021 Дагы 10:0! Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрки финалда ал россиялык спортчу Марина Суровцеваны 10 упай айырмасы менен утуп алды. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөтүүдө.

Балбан кыздар 76 килограмм салмак категориясында ат салышууда.

Айпери атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, бир жарым мүнөттүн ичинде 10:0 таза техникалык артыкчылык менен утту. Жарым финалда кыргызстандык балбан эстониялык Эпп Мяэ менен кармашат.

Буга чейинки этапта Айпери Медет кызы болгариялык атаандашын дагы 10:0 эсеби менен жеңген.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

sputnik