Алтынай Өмүрбекова ЕЭКтин Эмгек миграция департаментине жетекчи болду

5 октября 2021 Алтынай Өмүрбекова ЕЭКтин Эмгек миграция департаментине жетекчи болду

Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын вице-премьери болуп эмгектенген.

Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтына жарыяланды.

2016-жылдан бери бул кызматты Паиза Сүюмбаева аркалап келген.

Алтынай Өмүрбекова 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын вице-премьери болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

sputnik