Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

5 октября 2021 Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Күндүн суукташы жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн.

Кыргызстандын айрым аймактарында 6-7-октябрда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

sputnik