Facebook, Instagram, WhatsApp дүйнөнүн көп өлкөсүндө, Кыргызстанда да иштебей калды

5 октября 2021 Facebook, Instagram, WhatsApp дүйнөнүн көп өлкөсүндө, Кыргызстанда да иштебей калды

Кыргызстандыктар да колдонуп келген мобилдик интернеттин жана бир нече мессенжерлердин иштебей жатканын айтышууда.

Дүйнөнү бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтары иштебей калды. Бул тууралуу Downdetector сайты маалымдады.

Андан сырткары, кыргызстандыктар да мобилдик интернеттин иштебей жатканын айтышууда. Мындай маанайдагы пикирлер АКШ, Россия жана европалык бир топ өлкөлөрдө катталган.


sputnik