Утту! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

5 октября 2021 Утту! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини жеңген.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюкту утуп алды.

Беттеш 5:2 эсебинде аяктады. Украиналык команда акыркы аракеттерди кайрадан караганы үчүн Айсулууга дагы 1 упай берилди.

Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип утту. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде уткан.

Эми Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен кармашат. Финалдык кармаштар эртең, 5-октябрда, болот.

sputnik