Facebook эмнеден улам иштебей калышы мүмкүн. Эксперттин божомолу

5 октября 2021 Facebook эмнеден улам иштебей калышы мүмкүн. Эксперттин божомолу

Бир катар сервистердин иштебей калганы боюнча маалымат Москва убактысы боюнча 18.34тө пайда болгон. Негизинен АКШ, Улуу Британия, Канада, Германия, Италия, Франция жана башка өлкөлөрдөн мындай маанайдагы билдирүүлөр келип түшүүдө.

SafeNet НТИ инжинирингдик борборунун эксперти Игорь Бедеров Facebook тармагынын дүйнө жүзү боюнча иштебей калышына домендер боюнча маалымат алып турган компьютердик бөлүштүрүүчү системанын бузулушу себеп болушу мүмкүн деди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Буга DNS (Domain Name System) иштебей калышы себеп болушу мүмкүн (ал — домендер боюнча маалымат алып турган компьютердик бөлүштүрүүчү система). Ал сайттын IP-адресинин ордуна пайдалануучулар тексттик шилтеменин дарегин киргизиш үчүн колдонулат. Учурда IP боюнча кирүү процесси иштеп жатканы менен, домендик аттар боюнча иштеген жок", - деген эксперт РИА Новостиге.

Ал буга окшогон сервистер иштен чыккан кандай гана учур болбосун компаниянын рыноктогу баасына жана кардарларга кызмат көрсөтүүдө таасирин тийгизерин айткан.

"Бирок компаниялар бул сапаркы өчүп калуулардан көп чыгым келет деп деле күтпөшү керек", - деп эсептерин билдирген.

Downdetector сайтынын маалыматтарына караганда ар кыл өлкөлөрдөгү, анын ичинен Россиядагы Facebook, Instagram жана WhatsApp колдонуучулары сервистердин иштебей жатканын айтып арызданып жатышат. Биринчи маалымат Москва убактысы боюнча 18.34тө пайда болгон. Негизинен АКШ, Улуу Британия, андан сырткары Канада, Германия, Италия, Франция жана башка бир катар өлкөлөрдөн мындай маанайдагы билдирүүлөр келип түшүүдө.

Facebook 2004-жылы америкалык Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. 2012-жылы компания миллиард долларга Instagram социалдык тармагын, көп өтпөй 16 миллиард долларга WhatsApp сервисин сатып алган.

sputnik