Ушундай деп маегин баштаган Майрамгүл үч жолу турмушка чыккан. Ал муну тагдырдын жазмышы дейт. Балдарым чоңоюп калганда турмушка чыгууну ойлогон эмес элем, деген аял жашоосун баяндап берди.
“Мен үч жолу босого аттаганымды мактануу дебейм. Балдар каршы болбосо, шерик болор адам табылып жатса, аял пенсия жашында болсо да муну уят деп санабаганы туура экенин айткым келет.
Биринчи күйөөм менен сүйүшүп баш кошконубуз менен, акылсыздык менен ажырашып кеттим. Экөөбуз тең шыңга бой, сымбаттуу элек. Бирок, биз сулуу болгонубуз менен мүнөзүбүз келишкен жок. Көп урушчу элек.
Ата-энем акылга чакыруунун ордуна уруш отун ансайын күчөтүшчү. Мен ал кезде болгону 19да болчумун. Мен студентмин. Ал мени, мен аны кызганчумун. Акыры ажырашып тындык.
Экинчи жолу 24 жашымда сырткы дүйнөнү эмес, жан дүйнөнү сүйүп, үй-бүлөлүк жашоого акыл менен кадам таштадым. Анын бою менден 3-4 см кыска болсо да, биздин сөзүбүз менен жан дүйнөбүз гармонияда болчу. Ал дагы ажырашкан үй-бүлөнүн баркын билет. Турмуштан көп сабак алганыбыз үчүн урушкан жокпуз, бирок, кээде ачуум келсе өзүмдү токтото албай калчумун. Мен аны менен бактылуу жашадым. Ал жүрөгү таза, түшүнүктүү адам эле. Бирок, жашаныбызга он жыл болгондо күйөөмдү кимдир бирөөлөр өлтүрүп кетишти. Мен эки балам менен зар какшап ыйлап кала бердим. 34 жашымда ошентип жесир калдым. Ыйладым, жоктодум, бирок өлгөн адам тирилген жок. Бир жылдан кийин балдарым үчүн өткөндүн эшигин жаап, алдыга умтулууга аргасыз болдум. Мен боюмду оңдоп, катуу иштедим. Чынын айтсам, кайра күйөөгө тием деп ойлогон эмесмин. Эки уулум чоңойду. Жогорку окуу жайга окуттум.
Убакыт зымырап өтүп жатты. Бир күнү сиңдим каза болуп калды деген кабар келди. Ал дарыгердин шалаакылыгынан улам каза болду. Ал күйөөсү менен көп жылдар бою балалуу боло албай, 40 жашында араң балалуу болушкан. Ал кызынын кызыгын көрө алган жок. Анын күйөөсү менин классташым, алардын үйлөнүшүнө мен жардам бердим эле. Күйөө баламдын ыйлаганын көрүп, кантип сооротоорумду билбей жаттым.
Күйөө балам күйүттөн ичип кетти. Досторунун үйүндө түнөп калган учуру көп болду. Кызы меникинде жүрүп, мага көнүп калган эле. Кызына келип кетип турду. Бир күнү кызынын атасын “дагы ичсең, кызыңды эч качан көрбөйсүң” деп урушкандан кийин ичкенди таштады. Үйгө келип анча-мынча ишке жардам берип турчу. Балдарым да жезделеп жанынан чыкпайт.
Бир күнү ал мага "Биз үйлөнсөк, кандай болот. Мамилебиз келишет" деди. Мен тамаша деп ойлоп күлдүм. Классташ жана теңтуш катары тамашалашчу элек. Бирок, дасторкондо отурган уулдарым жана кызым коштошту. Мен муну тамаша катары көрмөксөнгө салдым. Ал мага дагы сунуш киргизди. Ал кезде балдар шаарда иштеп жүрүшкөн. Эгерде кыз турмушка чыкса, мен жалгыз калам. Анын үстүнө күйөө балам башка аялдан кордук көрсө, кайра ичип баштап, кызына зыянын тийгизип албасын деп, макул болдум. Андан бери көп жылдар өттү. Биз дагы деле биргебиз. Неберелерибиздин кылыгына тойбой, жашообуз өтүп жатат. Бирөө өмүрүнүн ортосуна чейин бактылуу болсо, бирөө карыганда бактылуу болот деген ушул экен...”