Окумуштуулар кыяматка алып келе турган эки негизги себепти аныкташты

5 октября 2021 Окумуштуулар кыяматка алып келе турган эки негизги себепти аныкташты

Улуу Британиядагы Кембридж университетинин окумуштуулары жаратылыш кырсыктары менен антропогендик окуялар адамзатты апокалипсиске алып келет деп болжошту. Алар астероиддин кулашынын же вулкандын атып чыгышынын натыйжасында цивилизация жоголуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА ФАН кабарлайт.

Серепчилердин пикиринде, биздин планетабыз ядролук согуштун натыйжасында жок болот. Адамзаттын жок болушунун экинчи себеби лабораториялык вирустардын сыртка агып чыгуусу болушу мүмкүн. Окумуштуулардын айтымында, кичинекей ката коркунучтуу микроорганизмдердин жайылышына алып келет.

Вулкандын жарылышы же астероиддин жерге түшүшү апокалипсиске алып келиши мүмкүн. Бирок, ал күмөн дешет серепчилер. Ага карабай, окумуштуулар 2031-жылы эң чоң комета күн нурунан өтөрүн эскертишет. Адистер алардын кагылышуусу кооптуу же мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу али эскертише элек.