Апамды көңүлдөшүнө акчага сатып ийгендей болом... Кыздын каты

4 октября 2021 Апамды көңүлдөшүнө акчага сатып ийгендей болом... Кыздын каты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу апасынын жеке турмушуна кийлигишкенине өкүнгөн кыздын катын жарыялайбыз.

— Саламатсыздарбы! Жүрөгүмдү өйүгөн окуя кечээ жакында эле пайда боло калган жок. Мен азап менен жашап келе жатканыма көп жыл болду. Эки агам жана мен — үчөөбүз кичине кезибизде эле атам неврологиялык оорудан улам шал болуп калыптыр. Кыймылдай албай коляскада отурганы аз келгенсип, сүйлөй да албайт. Апам балдарынан тышкары, оорукчан атамды багып, бир топ кыйынчылыкты көрдү. Биз чоңоюп калганда колго тийген жумуштардын баарында иштеп жүрдү. Ошого карабай өзү назик, сылык-сыпаа, келбети дагы жакшынакай келин болчу жаш кезинде.

Күндөрдүн биринде Марат байке оюма түштү. Тааныштар аркылуу телефонун издеп таап, уят-сыйытты жыйыштырып коюп ага байланыштым. Ал телефонду аларым менен токтоно албай ыйладым. Буркураган бойдон окууга өтө албай жатканымды айтып, "апам менен кезигип турушуңуз керек" деп догурундум.

Ошентип бир айдан кийин Бишкектеги окуу жайлардын биринин студенти болуп калдым. Менин чалганымды эле күтүп тургансып, байке баарына макул болуп, апам менен кайрадан жолуга баштады. Беш жыл бою окуумдун акысын төлөп турду. Мен ушунча болгондон кийин деп жакшы окудум, бат эле жумуш таптым.

Бирок жеке кызыкчылыгым үчүн апамды акчага сатып жиберген сезимдер жей берет. Өзүмчүлдүгүмө ичим күйөт. Негизи Марат байке менен апам бири-бирин жакшы көрөт экен. Бирок менин акча үчүн апамды сунуштаганым канчалык туура эле? Апамдан кечирим сурашым керекпи?

Психолог Перизат Калмаматова:

— Урматтуу автор, бул жерде сиз апаңыздан кечирим сурайсызбы же сурабайсызбы, жеке өзүңүздүн тандооңуз. Бул жерде сизге "кечирим сура, сен күнөөлүүсүң" же "сурабай эле кой, бардыгы ошол бойдон кала берсин" деп эч ким, эч качан айтпашы керек. Мындай маселелерде адам өзүнүн жан дүйнөсүн, сезимдерин укканы жакшы. Дүйнөдөгү эң жакын адамдын алдында өзүн күнөөлүү сезип, бушайман болуп жашоо абдан татаал. Андыктан сиз психологиялык терапиядан өтүп койгонуңуз туура болот.

Жакындардын жеке турмушуна аралашуу боюнча жалпысынан айта кетсем, ата-эне балдардын, балдар ата-эненин, бир туугандар бири-биринин жеке жашоосуна анчалык аралашпай эле койгону туура. Ошондой эле бирөөнүн тагдырын чечүү вазийпасын өз мойнуна жүктөп алгандарга айтарым, жакындарыбыздын тагдырын талкалап алып, убалына калуудан алыс бололу.

Эгер эки чоң киши бири-бирине тартылып, бирге болууну чечсе, демек, ортодо сүйүү, түшүнүү, жылуулук бар. Бул сезимдер жок болсо, алар эч кимдин жардамы жок эле эки башка жолго түшөт.

sputnik