Атаандашын ургулап, башынан сылап... "Тайсондун" Алматыдагы жеңиши видеодо

4 октября 2021 Атаандашын ургулап, башынан сылап... "Тайсондун" Алматыдагы жеңиши видеодо

Кыргызстандык спортчу беттештин экинчи раундунда казак спортчусун кайра-кайра ургулап, рефери техникалык нокаут жарыялаган.

 "Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков катар жеңилүүлөрдөн кийин чыккан беттешинде ийгилик жаратты.

ВИДЕО

Мушкер Казакстандын Naiza FC лигасынын алкагында жергиликтүү спортчу Бектур Сырымды утуп алган.

Турнир кечээ, 3-октябрда, Алматы шаарында болду.

Кыргызстандык спортчу беттештин экинчи раундунда казак спортчусун кайра-кайра ургулап, мындан улам рефери техникалык нокаут жарыялаган.

Бул — "Тайсондун" үч ирет катары менен утулгандан кийинки биринчи жеңиши. 2020-жыл спортчу үчүн ийгиликсиз болгону беттештеринин статистикасы көрсөтүп турат. https://www.sherdog.com/fighter/Kanat-Keldibekov-212829 Келдибеков жалпысынан 20 кармашты утуп, 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

sputnik