Казакстандык кыз “Барби” куурчагына окшошуу үчүн кабыргасын алдырды

4 октября 2021 Казакстандык кыз “Барби” куурчагына окшошуу үчүн кабыргасын алдырды

Белгилүү барби куурчагына окшошууга аракет кылган казакстандык кыз кабыргасын алдырып салды. Ошондой эле, эльфтерди туурап кулагынын формасын өзгөрткөн.

22 жаштагы Елена Рагузованын салмагы азыр 40 килограмм. Ал эми белинин өлчөмү 46 сантиметрге чейин ичкерген. Комплекстүү операцияга 200 миң сомдон ашык акча сарптаган. Дарыгерлер мындай операциядан кийин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн дагы жарым жыл кам көрүүгө кеңеш берген. Бирок, Елена ага карабай денесин дагы да жакшыртууну көздөйт.

"Мен денемдин жети жерине татуировка түшүрдүм. Астана менен Алматага  атайын барып, ушундай сүрөт тарткан чеберди тандап жасаттым. Мен келечектин барбиси болгум келет. Денеме чип салдырып, бардык маалыматты ошого чогултуп, акчаны ошол чипке сактап койгум келет. Андан кийин мурдум менен ээгимди оңдоону пландап жатам. " – дейт  барбиге окшошкусу келген кыз Елена Рагузова.