Бул жемиш ширеси Алты күндө бүт организмди тазалайт

4 октября 2021 Бул жемиш ширеси Алты күндө бүт организмди тазалайт

Бул керемет ыкма саат жебеси менен аткарылат.

Ар мезгилде адам организмин тазалап турушу керек. Айрыкча жай мезгили эң натыйжалуу, ары жагымдуу мезгил. Тазалануу иштери жалпы абалыңызды жакшыртып, ден соолугуңузду бекемдейт, организмди чыңдап, иммунитетти көтөрөт.

Биз сунуштаган саат жебеси менен тазалануу:

Ашказан ичегилерди тазалайт;

Жоон ичегини дарылайт;

Ич катууну болтурбайт;

Остеохондроз оорусунун алдын алат;

Омуртка кыркасы менен боордун иштешин калыбына келтирет;

Териңиз жашарат;

Бул тазалануу ыкмасы 40 жаштан ашкан ар бир адамга пайдалуу, ары абдан керек.

Эмесе, схема боюнча тазалануу жумуштарын баштайбыз.

Эртең менен кайсы убакта турсаңыз да, эң биринчи бөлмө температурасындагы сууну аз-аздан ууртап ичиңиз. Бир ууртам суу ичип, 10-15 мүнөт башка иш менен алектениңиз. Кайрадан келип суу жутуп алып, кайра ишке киришиңиз. Мындай ыкма ашказан менен ичегини керектүү суу менен толтуруп жакшы иштешине шарт түзөт. Андан кийин сиз милдеттүү түрдө чоң дааратка чыгасыз.

Эртең мененки тамакты саат 9да жеңиз. Өтө шашпай чайнап жегенге аракет кылыңыз. Жада калса боткону да чайнап жегенге кеңеш беребиз. Бир боо ашкөктү майдалап туруп жегенди адат кылыңыз. Артынан цитрус жемишинен даярдалган 1 стакан ширени ичиңиз.

Саат 10до 150-200 грамм кайнатылган күрүч жеңиз. Бул тамакты да өтө шашпай чайноо керек. Ушул учурда калий элементине бай 200 мл  цуккини, бадыраң же ашкабак ширесин ичиңиз. Саат 11де жана 12де 200 мл цитрус жемишинен даярдалган шире ичиңиз. Түшкү 13тө 10-15 грамм бир боо укроп менен цитрусту кабыл алыңыз. Саат жебеси 14тү көрсөткөндө каалаган  чийки жашылчаларды же жемиштерди нансыз жана тузсуз жейсиз.

Саат 15те 200 мл цитрус жемишинен даярдалган ширени ичиңиз.

17де 150-200 грамм кайнатылган күрүч жеңиз. Саат 18де 200 мл цитрус ширесин ичесиз.

Ал эми 19да 10-15 грамм көк чөптөрдүн бирин жейсиз.

Саат кечки 8де 200 мл цитрус ширесин ичиңиз.

21де каалаган чийки жашылча же жемишти нансыз жана тузу жок жеп алыңыз.

Түнкү 23тө аз-аз уурттамдан 200 мл таза суу ичип жатыңыз.