32 киши ар кандай жаракаттарды алган. Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости буга шектүү катары үч адам кармалганын билдирди.
Афганистандын борбору Кабулдагы Идгах мечитинде болгон жардыруудан мерт болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылындагы маалымат булактарга таянып РИА Новости жазды.
Дагы 32 киши ар кандай жаракаттарды алган. Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн.
Буга чейин сегиз киши көз жумуп, 20 адам жаракат алган деп айтылган. Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости буга шектүү катары үч адам кармалганын билдирди.
Жергиликтүү ЖМКлар Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахиддин бир нече күн мурда каза болгон апасына жаназа окулуп жаткан тушта жардыруу болгонун жазышты.
* Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм