60 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар. Бакыт өргөөсүндөгү өзгөчө майрам. Сүрөт

1 октября 2021 60 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар. Бакыт өргөөсүндөгү өзгөчө майрам. Сүрөт

Иш-чаранын максаты салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.

Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө "бриллиант", "изумруд" жана "алтын" тоюн белгилеген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аталган иш-чаралар 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болду. Анын максаты — улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына коомчулуктун көңүлүн буруу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЦР КР

Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө бриллиант, изумруд жана алтын тоюн белгиленген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү

Ардактуу маараке китебине "бриллант" тоюн (баш кошконуна 60 жыл) белгилеп жаткан алты жубай, "изумруд" (55 жыл) мааракесине жеткен 13 жана "алтын" тоюн (50 жыл) өткөргөн 28 жубай кол койгон.

Маараке Свердлов райондук балдар чыгармачыл борборунун концерттик программасы менен коштолуп, жубайлардын вальс бийи менен аяктады.

Иш-чараны Бишкектин Ленин, Свердлов, Биринчи май райондук администрациялары бергелишип Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата уюштурган.

sputnik