Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

1 октября 2021 Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

Аба каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Ал Pegasus авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырат.

Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы сегиз жылдан кийин жанданды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЭРИИ ГОРОДА ОШ

Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы сегиз жылдан кийин жанданды

Аталган каттамдын биринчи учагы бүгүн таңда жүргүнчүлөрү менен келип "Ош" эл аралык аэропортуна конгон. Конокторду "Манас эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "Ош" эл аралык аэропортунун кызматкерлери тосуп алышкан.

Ош — Стамбул — Ош каттамы Түркиянын Pegasus авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Аба каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат, учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт.

sputnik