Mercedes-Benz жардан кулап кетпей аз жерден калган. ӨКМдин сүрөтү

1 октября 2021 Mercedes-Benz жардан кулап кетпей аз жерден калган. ӨКМдин сүрөтү

Жолдон чыгып, жарга барып туруп калган автоунааны тартып чыгарууга алты куткаруучу жардам берген. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 10-15 метрлик жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты

Автоунаанын ичинде 58 жаштагы айдоочуга атайын техникасы менен алты куткаруучу жардамга келген.  

"Таш-Көмүр шаарынын Баетов көчөсүндө "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, жарга барып туруп калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу келип, атайын техниканын жардамы менен автоунааны жолго чыгарып беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен окуядан жабыркагандар болбогондугун кошумчалашты.

sputnik