Кыргызстандагы эң сулуу бийкечти аныкташты. Сүрөт, видео

1 октября 2021 Кыргызстандагы эң сулуу бийкечти аныкташты. Сүрөт, видео

Бул сынакта былтыр президент Садыр Жапаровдун тууганы Лаззат Нуркожоева жеңген. Ага BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышкан.

Бишкекте Рыскүл Намазбекова уюштурган "Кыргызстан сулуусу — 2021" сынагынын финалы болуп өттү.

Бишкекте Рыскүл Намазбекова уюштурган "Кыргызстан сулуусу — 2021" сынагынын финалы болуп өттү

Негизги байге үчүн 16 жаштан 28 жашка чейинки отуздай кыз ат салышты. Сынак "өзүн тааныштыруу", "улуттук костюм", "үй тапшырма" жана "кече кийими" деп аталган этаптардан турду.

ВИДЕО

Бардык турлардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп Алтынай Ботоярованы тандашты.  Ал былтыр "Бишкек сулуусу — 2020" наамына ээ болгон. Ага чейин Mini Miss Fashion — 2010 жана Miss Fashion — 2014 сынактарында жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, бул сынакта былтыр президент Садыр Жапаровдун тууганы Лаззат Нуркожоева жеңген. Ага BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышкан.

sputnik