Дарыгерлер COVID илдетинин алгачкы симптомдору кандай өзгөргөнүн айтышты

1 октября 2021 Дарыгерлер COVID илдетинин алгачкы симптомдору кандай өзгөргөнүн айтышты

Адистер жаңы симптомдор илдет жуккан биринчи-экинчи күндөрү эле байкалып жана узак убакытка созуларын белгилешет.

Коронавирус инфекциясынын биринчи симптомдору өзгөрдү. Бул тууралуу россиялык бир катар медиктер билдиргенин Коомдук жаңылыктар кызматы жазды.

Дарыгер Александр Эдигердин айтымында, бейтаптар көбүнесе мурдунан суу куюлуп, тамагы ооруганына даттанышат. Какырыгы көп жөтөл тез күчөйт жана узакка созулат. Бейтаптардын баш айланып жана ооруп, алсырашат. Ордунан тура калганда эстен танып, кулап кетиши да мүмкүн. Бул симптомдордун көбү экинчи күнү пайда болот жана бир нече жумага созулат.

Инфекция жуктургандарда ошондой эле тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичтин оорушу, диарея, жүрөк айлануу жана кусуу сыяктуу белгилер байкалат.

Фельдшерлер кесиптер бирлигинин башчысы жана Тез жардам кызматынын дарыгери Дмитрий Беляков мурун бүтүп, адам кыйналса, ал дагы COVID-19дун жаңы белгиси экенин кошумчалады. Анын белгилешинче, оору тездик менен жайылып, коркунучтуу болуп баратат.

sputnik