Ал кудаларынан да уялып, 50 жашта түн уйкусун төрт бөлүү кыйынчылыгынан да коркуп, эмне кыларын билбей турат.
Кудай берем десе, жашка да, сактанганга да карабайт экен. Ошондуктан, жасалма бойдон түшүрүүдөн коркуп жүрөм.
Беш жыл мурда кошбойлуулуктан сактоочу спиралды алмаштырып салгандырган элем. Ал тургай климакс мезгили да башталган. Ага карабай кош бойлуу болуп калдым. Жашым 49дан ашып, келин алып калган кезде ушундай болгонуна уялып, төрт айлык баланы алдырып салгым келип жатат. Бирок, убалынан корком.
Уятты ойлосом, убалды унутуп калам. Бала төрөлгөнчө али өзүмдү далай жолу сөгүп, далай жолу жабатып, көндүрөт окшойм. Бир чечимге келе албай жүрөм. Боюмдан түшүрүү үчүн бардык оор үй жумуштарын өзүм жасап көрдүм. Бирок, андан майнап чыккан жок. Бала жашоого келүүгө ушунчалык куштарбы же ден соолугум мыктыбы, билбейм. Элдин сөзүнөн коркуп, келиндеримден уялып жатам. Анткени мен беш бала төрөгөн энемин. Улуу эки уулумду үйлөндүрүп, эки кызымды узаткандан кийин эми гана өзүмө көңүл бура баштаган элем. Курбу аялдар менен мончого барып, дүкөн аралап, эки жагыма каранууга убакыт табылганда кайрадан өзүмө өзүм “жумуш” таап олтурам.
Жаш кезде билинбейт, картайганда кыйын эле. Алдырып салгым келет, бирок корком. Эмне кылсам болот? Ойлоно берип башым ооруп кетти...”