Бишкекте ат спортун сүйүүчүлөрдүн чемпионаты өтөт

1 октября 2021 Бишкекте ат спортун сүйүүчүлөрдүн чемпионаты өтөт

Борбор калаада боло турган эки күндүк чемпионатка элүүдөн ашык ар кыл курактагы спортчулардын катышары кабарланды.

Борбор калаада 2-3-октябрда чоңдор, жаштар жана кичинекейлер арасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Спорттук иш-чара балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген "Күлүк" деп аталган олимпиадалык резервдер мектебинде өтөт.

Жарышка 50дөн ашык спортчулардын катышары кабарланды. Алардын арасында 10 жаштан өйдө курактагы балдар, жаштар жана чоңдор (аялдар жана эркектер) бар.

Ат майрамын Бишкек шаарынын Спорт жана дене тарбия боюнча башкармалыгы жана Кыргызстандын Ат спорту боюнча федерациясы уюштурган.

Чемпионаттын ачылышы 2-октябрда саат 10:00дө Элебаев көчөсү, 204 А дарегинде өтөт.

sputnik