Баткен коогалаңынын катышуучулары митингге чыкты. Видео

30 сентября 2021 Баткен коогалаңынын катышуучулары митингге чыкты. Видео

1999-2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүнө жүздөгөн экстремисттер кирип келген. Аларга Кыргызстандын куралдуу күчтөрү каршылык көрсөткөн.

 Өкмөт үйүнүн жанына 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучулары митингге чыкты.

Акцияда ондогон адамдар ар кыл плакаттарды көтөрүп турушту. Чыккандар президентке аларга макам берүү өтүнүчү менен кайрылып, үй-бүлөнүн багуучусун жоготкондорго бөлүнгөн жөлөк пулдарын бир миң сомдон 10 миң сомго көтөрүү талабын айтышты.

ВИДЕО

Акцияда ондогон адамдар ар кыл плакаттарды көтөрүп турушту

1999-жылы Кыргызстанга "Өзбекстан Ислам кыймылынын"* согушкерлери кирип келген. Алар бир нече айылдарды басып алып, жыйырмага чукул адамдарды барымтада кармаган. Бул согуштун кесепетинен расмий маалыматта 54 адам курман болгону, ал эми расмий эмес алардын саны 74 экени айтылат. Окко учкандардын ичинен 44ү аскерлер болгон.

Sputnik Кыргызстанга 54 жоокердин өмүрүн алган Баткен окуясынын ачыкка чыга бербеген жагдайлары тууралуу Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев айтып берген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм

sputnik