АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик объектилерин колдонуу тууралуу сүйлөшүүдө

30 сентября 2021 АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик объектилерин колдонуу тууралуу сүйлөшүүдө

Пентагон жетекчиси Ллойд Остин Россия тараптан колдоо көрсөтүү сунушу эки мамлекеттин башчыларынын июнь айында Женевадагы жолугушуусунда айтылганын белгилеген.

АКШнын бийлиги Афганистанга жакын мамлекеттер менен контртеррордук операция үчүн аскердик объектилерди, анын ичинде Россиянын базаларын колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Politico басылмасы америкалык сенаторлордун айтымына таянып жазганын РИА Новости билдирди.

Сайттагы маалыматка караганда, сенаторлор Пентагон жетекчилигинин катышуусу менен жабык өткөн угууга катышкан.

"Пентагондун лидерлери мыйзам чыгаруучуларга Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен жүргүзүлүп жаткан жабык эшик артында өткөн дискуссия тууралуу маалымат беришкен", — деген сенаторлор.

Кеп контртеррордук операция жүргүзүү үчүн атайын жабдууларды аталган мамлекеттерге жайгаштыруу тууралуу болуп жатканы айтылды. Талкуунун ачык өткөн бөлүгүндө Пентагон жетекчиси Ллойд Остин Россия тараптан колдоо көрсөтүү сунушу эки мамлекеттин башчыларынын июнь айында Женевадагы жолугушуусунда айтылганын белгилеген.

Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Россиянын Борбор Азиядагы базаларын колдонуу боюнча АКШнын каалоосу тууралуу эч кандай комментарий берген эмес.

sputnik