Өрттөн идиш-аяк, бут кийим оңдоочу жай, кийим тигүүчү машиналардын күйгөнү айтылды. ӨКМ кызматкерлери тилсиз жоону таңкы 05:27де толук өчүргөн.
Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Базардагы өрттөн бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяк, суусундук сатуучу темир контейнер жана темир устундуу өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС КР
Түндө Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты
"Ошондой эле эки чач-тарачтын пластик терезелери жана аба муздаткычы эриген. Жалпысынан болжол менен 100 чарчы метр жер күйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Өрт 30-сентябрга караган түнү саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлгөн. Азыркы учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы такталууда. Белгилей кетсек, "Кыял" базары Бишкектеги "Ош" базарынын аймагында жайгашкан.