Өзбекстан өлкөдө биринчи жана Борбордук Азияда биринчи АЭС курууга даярданып жатат. Сентябрдын башында Орусия менен Өзбекстандын өкмөт башчылары макулдашууга кол коюшту.
Комплексти “Росатом” корпорациясы курууну пландап жатат. Курулуштун өзү ССЭР-1200 реактивдүү орнотмолору менен “3+” муунундагы эки энергоблоктон турат. Макулдашуу октябрдын аягында күчүнө кирген, курулуштун башталышына стартты Өзбек Республикасынын башчысы Шавкат Мирзиёев өзү берди.
Муну менен, АЭС курулушунун аянчасын тандоо үчүн инженердик изилдөө иштери башталды.
Өзбекстандын бийлигинин сөзү боюнча, Орусия Федерациясы менен кызматташтыкта аталган багыттын ачылышы жаңы секторду пайда кылат, аны ишке ашыруу өнөр жай дараметинин андан аркы өнүгүүсүнө жана өлкөнүн түрдүү тармактарында жумушчу орундарын түзүүгө кызмат кылат. Негизи эле, аталган долбоор өлкөдө экономиканын жогорку технологиялык тармагын түзүүгө пайдубал болот.
Кеңири белгилүүлүк
Росатом чет өлкөлүк долбоорлор кейсинин чоңдугу боюнча дүйнөдө 1-орунда (12 өлкөдө 36 энергоблогу бар); урандын запасы боюнча дүйнөдө 2-орунда жана аны казып алуу көлөмү боюнча 4-орунда турат. Мындай маалыматтар компаниянын сайтына жайгаштырылган. Расмий баракчадан алынган маалыматтарга ишенбөөгө себеп дээрлик жок. Ал глобалдык технологиялык лидерлердин ири экенин Европанын өлкөлөрү да мойнуна алышты. Тактап айтканда, CIFAL француз компаниясы республикада АЭС куруу долбоору боюнча “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдө “Өзбекатом” агенттигине көмөк көрсөттү жана атомдук энергетика чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча өздөрүнүн ноу-хаусун берүүгө даяр. Башка сөздөр менен айтканда, өзбек жана орус корпорациясынын ортосунда далдалчы болчу. Жада калса Жапония да “кезекке” турууга жетишти, бул орусиялык өнөктөштүн репутациясына ишенүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Росатом” мамлекеттик корпорациясы атомдук энергетикалык объекттерди проектилөөдө жана курууда алдыңкы технологияларды колдонууга кепилдик берет. Компаниянын жабдуулары жана жасалгалары батыштын сунуштары менен салыштырганда жогорку сапаттуулугу менен айырмаланат.
Орусиянын региондору менен өзбек компаниялар менен түз байланыштуу жол салуу болгон мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүүдөн жана жаңы өндүрүштүк тармактарды түзүүдөн улам өзгөчө мааниге ээ болуп барат. Албетте, бул Өзбекстандын экономикасына оң таасирин тийгизбей койбойт. Бул өз кезегинде, коңшу өлкөлөрдү кызматташтыктын жаңы түрүнө түртөт.
“Росатом” Кыргызстандын аймагында ядролук медицина борборун куруу мүмкүнчүлүгүн караштырган. “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын түзүмүнө кирген Техникалык физика жана автоматташтыруу боюнча илимий-изилдөө институтунун көңүлүн бурган, ал нур диагностикасы жана терапия үчүн аппараттарды сунуштаган.
Чиновниктер аталган борбордун Бишкекке курулушу Кыргызстанда онко ооруларынын көйгөйүн чечүү үчүн эң оптималдуу вариант болору жөнүндө бир нече жолу айтышкан. Бирок, маселени “Росатомдун” күнөөсү менен эмес, жергиликтүү кырдаалдан улам көп убакытка ачылбай турган үкөккө салып коюшкан. Ал ортодо, Борбордук Азиядагы орусиялык гиганттын активдүүлүгүн эске алып, Кыргызстан менен биргелешип иштөө боюнча маселе жаңыланат деген үмүт бар.