Чүйдө бир жыл мурда жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө. Сүрөт

30 сентября 2021 Чүйдө бир жыл мурда жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө. Сүрөт

Чүй облустук милициясы эки адамды издеп жатат. Алардын бири былтыр жоголсо, экинчиси ушул жылдын май айынан бери дайынсыз болууда.

Чүй облустук ички иштер бөлүмү бир аял менен бир кызды издеп, ЖМКларга алар тууралуу маалымат таратты.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ

Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган

Жок болуп жаткандардын бири — Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган. Гавриловка айылындагы үйүнөн өткөн жылдын 14-октябрында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кара, кыска кыркылган.

Экинчиси — Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган. Сокулук айылынын тургуну, үйүнөн ушул жылдын 15-майында чыгып кеткен.

Белгилери: бою 168 сантиметр, чачы кара, далысынан бир аз ылдый түшүп турат. Башында жоолугу болушу мүмкүн.

Бул адамдар тууралуу маалыматты билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кайрылса болот:

Чүй милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;

Издөө тобу — 0558 86 14 86,0709 35-35-29.

sputnik